Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкөдө кендердин иштешине жергиликтүү жашоочулардын каршы болуп жатышы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин ишине байланыштуу деп эсептейт. Айтымында, элдин аталган агенттикке болгон ишеними 2010-жылга чейин жоголгон.
“Биз элдин ишенимин кайтара алган жокпуз. Элдин маалыматынын жоктугу жана жергиликтүү бийликтин жоопкерсиздиги да буга себеп болууда”,- деди Сарпашев 29-апрелде парламентте өкмөттүн 2013-жылга карата отчётун угууда.