Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун башкы директору Ли Юн менен жолугушту. Жолугушууда төрага өлкөдө жасалып жаткан саясий, экономикалык реформалар, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча маалымат берди.
“Бул документ экономиканы саясаттан бөлүүгө шарт түзөт. Өлкөнү өнүктүрүүдөгү бардык актуалдуу маселелер боюнча коомчулук менен ачык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Биздин иш-аракеттердин ачыктыгы – өлкөдөгү туруктуулуктун жана элдин ишениминин кепили”,- дейт төрага.