Орусияда кыргызстандык жаран жол оңдоп жаткан жумушчуну cүзүп кетти 

Орусиянын Калуга облусунда кыргызстандык жаран жол оңдоп иштеп жаткан жумушчуну унаасы менен сүзүп, жумушчу кырсык болгон жерде каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде орусиялык маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, жол кырсыгы Калуга облусунан Москва шаарын көздөй бара жаткан жолдо катталган. MAN-8153 жүк ташуучу унаасы менен бараткан кыргызстандык айдоочу жолдорду оңдоп жаткан унаа менен кагылышып, иш үстүндөгү 52 жаштагы жумушчуну да сүзүп кеткен. Жумушчу ошол жерде каза болгон. Орусиянын Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери катуу ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу күнөөлүү экендигин айтышканы маалымдалууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Begimkyz
2014-04-29 18:22:07
Жаман болуптур. Уй-булоосун багам деп талаалап жургондо.
+10
sardaralay
2014-04-29 18:31:12
Шашылбай акырын айдаса болмок.
+1
samat-91
2014-04-29 18:36:34
тише едешь дальше будешь
-2
Altyn1980
2014-04-29 18:51:16
samat-91, тише едешь дальше едешь жаны кыргыз
-1
samat-91
2014-04-29 21:43:03
Altyn1980, тише едешь дальше будешь эски кыргыз.яндекс жардамга.
-1
admin_portal
2014-04-30 12:04:22
samat-91, Altyn1980 - эскертүү!
Жеке айтышууну токтотобуз.
0
samat-91
2014-04-30 18:08:07
admin_portal, да ладно
0
aikol87
2014-04-29 19:06:04
Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей болуптур да.
0
KG-Oligarh
2014-04-29 20:17:26
жаман иш болуптур.
0
tabyshmak
2014-04-29 21:35:54
Ким кайда болбосун, боодо кырсыктан алыс болсо экен!
0
92nuraaly
2014-04-29 21:38:16
Жаман иш болуптур, эми эмне кылат болду экен?
-1
kama_future_millioner
2014-04-29 22:02:24
Кырсык айтырбай келет.
0
sezim1111
2014-04-29 23:51:04
секинираак айдаса болмок эми озуноле кыйын
0
alas
2014-04-30 02:13:55
Бардык палакатан аллахым озу сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан