Энергетика министринин орун басары Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Ли Юн менен жолугушту

КРнын Энергетика министринин орун басары Канатбек Муратбеков БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) башкы директору Ли Юнду кабыл алды. Бул тууралуу 29-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. 
Жолугушууга Соломия Омелиан, Амита Мисра, Усупов Марат өңдүү Бириккен Улуттар Уюмунун жана министрликтин өкүлдөрү катышышты. Анда ЮНИДО менен Кыргызстандын ортосундагы өнөр жай тармагында кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстанда чакан гидроэнергетика борборун куруу, энергетика булактарын калыбына келтирүү маселелери талкууга алынды. 
Ошондой эле тигүү тармагындагы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана курулуш материалдарын өндүрүүнү өнүктүрүү талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты улантуу керектиги айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан