Бишкекте 6-май күнү кыз-келиндер арасында куранды бөлүп жатка айтуу боюнча сынак өтөт. Бул тууралуу кечээ, 29-апрелде Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында курандын 1/5, 1/10 1/20 бөлүгүн жана куранды башынан аягына чейин жатка айтуу боюнча сынак өткөрүлөт.
Аталган сынак Кыргызстан дин башкармалыгы жана "Мутакаллим" фонду менен биргеликте уюштурулууда. Сынактын жеңүүчүсүнө ажылыкка жолдомо ыйгарылат. Ал эми 2-3-орун ээлерине баалуу белектер каралган.