Дмитрий Медведев Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине Орусия кызыкдар экенин айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 29-апрелде Орусия Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Жоомарт Оторбаев премьер-министр катары алгачкы иш сапарын Орусиядан баштоону пландап келгенин баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү колдой тургандыгын билдирди. "Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан Орусиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз. Евразия мамлекеттеринин интеграциялык биримдикке карай жасаган кадамдары Кыргызстан үчүн приоритет болуп саналат. Министрлер кабинетине Бажы биримдигине кирүү маселесин биринчилерден болуп чечүү керектигин айттым",- деди Оторбаев.
Өкмөт башчы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын ар тараптуулугун кошумчалап, иш сапардын жүрүшүндө орусиялык ишканалар менен жолугуша тургандыгын баса белгилеп өттү.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Жоомарт Оторбаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгындагы актуалдуу маселелер талкууга алынды. 

"Биз силер менен мамилени бекемдеп жатабыз. Экономикалык жана гуманитардык багыттарда акыркы жылдарда бир катар ийгиликтерге жетиштик. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү - негизги приоритеттердин бири. Бул көйгөйдү чечүүгө биз кызыкдарбыз. Мындан ары тийиштүү кадамдар силердин өкмөт, парламент жана президент тарабынан жасалат деген үмүттөбүз",- деди Медведев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан