Өзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын "КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков Сох анклавындагы өзбек жарандарынан "бул чыр-чатактын келип чыгышына кыргыз жарандары күнөөлүү" деп кечирим сурады" деген маалымат чындыкка жатпайт. Баткен облусунун губернатору эмес, Сох районунун акими Табакан Ракимов өзбек жарандары кыргыз жарандарын барымтага алып, алардын унааларын талкалагандыгы үчүн кечирим сурап, келтирилген чыгымдардын орду толукталып бериле тургандыгы тууралуу маалымат берди. "Бул сөздөр чыр-чатактын келип чыгышында кыргыз жарандарынын күнөөсү жок экендиги тууралуу маалымат берет",- деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев.