Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында 29-апрель күнү саат 14:40та Карагул-Акмат көчөсүндөгү үйдө жарылуучу зат жатканы такталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарылуучу зат саат 17:25те КР Коргоо министрлигинин сапёрлору тарабынан "Ала-Тоо" полигонунда жардырылды. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Жарылуучу заттын табылышы боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.