Чаткал районундагы ашканалардын биринен өрт кырсыгы чыкты . Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Алдын ала божомолдоолорго караганда, кырсык электр чубалгыларынын тийишүүсүнөн келип чыккан. Жалындаган от бир заматта азык-түлүк сакталуучу жайды жалмап кеткен. Бир нече сааттан кийин өрт толугу менен өчүрүлдү.