“Аксы окуясынын баатыры” наамын белгилөө демилгеси колдоо тапты

Депутат Бакыт Төрөбаевдин "Аксы окуясынын баатыры" ардактуу наамын берүү демилгеси Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында колдоо тапты. 
Төрөбаевдин айтымында, Аксы районунун тургундары "Аксы окуясынын баатыры" ардактуу наамын белгилөө өтүнүчүн билдиришкен. Ал эми кошумча акча же компенсация талап кылынбайт. Жыйын соңунда тармактык комитеттин бөлүмүнө мыйзам долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди. 
Эскерте кетсек, 2002-жылы болгон Аксы окуясында жалпы 6 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан