Токтогул районунда күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-апрель күнү эртең менен Ош-Бишкек унаа жолунун 305-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен күйүүчү май төгүлүп, өрттөнүп кетүү коркунучу жаралган. Мындан улам окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, төгүлгөн күйүүчү майды тазалашкан.