Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматы билдиргендей, өткөн бир сутка ичинде Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды. Бишкекте - 3, Чүй облусунда - 2, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 3, Таласта - 1 өрт кырсыгы орун алды. Тилсиз жоодон Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жыгачтан курулган чатырча күлгө айланып, 2-кабатында сакталган 4 тонна үрөн өрттөнүп кеткени белгилүү болду.