Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Хонд-Т-Як” базарында өрт чыгып, 2 кабаттуу темир контейнердин биринчи кабатындагы 50 даана уюлдук телефон күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 29-апрель күнү 18:10 чамасында катталган. Толугу менен 18:35те өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.