Парламентте депутаттар электр энергиясынын баасын кымбаттатуу аракетине нааразычылык айтышууда. ЖКнын 30-апрелдеги жыйынында депутат Анвар Артыков өкмөт электр энергиясынын өздүк баасы боюнча так маалыматтарды бериши керектигин айтты. Эл өкүлү Ташполот Балтабаев: “Өкмөттүн маалымат бериши жетишсиз. Муну парламент жыйынында бүгүн түштөн кийин же кийинки аптада карашыбыз зарыл”,- деп билдирди.
Төрага Асылбек Жээнбеков: “Бул маселеге акыркы чекитти парламент коёт, бааларды биз менен макулдашмайынча өзгөртө албайт”,- деди.