Ысык-Көл облусунда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө мурда катталган 18 кылмыштын бети ачылып, мыйзамсыз сакталган 6 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 28-апрель күнү Ысык-Көл облусунун аймагында “Арсенал” операциясы жүргөн. Анын негизинде Каракол шаарындагы батирлердин биринен диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынган. Ошондой эле мурда издөөдө жүргөн Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну кармалган. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери зордуктоо фактысына шектелип, издөөдө жүргөн.