Нарын. Нарын шаарында хоккей аянтчасы курулуп жатат

Нарын шаарындагы борбордук стадиондун жанында стандартка жооп берген хоккей аянты курулуп жатат. Бул аянттын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген жана жыл сайын оюнчуларга кызмат көрсөтүп турмакчы. "Учурда борт тургузулуп, аяктап калды. Суу толтурулуп бүткөн соң үстүнкү катмарды тегиздеп, 3 күндүн ичинде ишке беребиз",- деп билдирди хоккей боюнча КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Болотбек Бектемишов. 

Белгилей кетсек, 25-27-январда 5-мааракелик Кыргызстан чемпиондугунун 2-тур оюндары ушул хоккей аянтында өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан