ЖКнын 30-апрелдеги жыйынында Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мындан аркы иши боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору каралууда. Тема боюнча билим берүү жана илим министри Канат Садыков баяндама жасады. Министрдин айтымында, аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 75 пайызы иш менен камсыз болууда.
Буга депутат Каныбек Осмоналиев макул эместигин айтты. “75 пайызы ишке орношууда дегени жөн эле абадан алынган маалымат. Билим берүү министрлиги тарабынан бул боюнча эч кандай анализ жүргүзүлгөн эмес”,- дейт депутат.