Балыкчы шаарында номуру сүртүлгөн РГД-5 гранатасы табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Балыкчы шаарындагы оперативдүү издөө иш-чараларынын алкагында уурдоо фактысына шектелип 30 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал шаардык эски пляждын дааратканасына граната катып койгонун айткан. Милиция кызматкерлери аталган жерге барып текшерүүгө алышканда номуру сүртүлгөн РГД-5 гранатасы табылган.