Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 29-апрелде Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында студенттер менен жолугушту. Жолугушууда депутат парламенттин мыйзам чыгаруу жана көзөмөл иш-милдети тууралуу маалымат берип, мамлекеттин социалдык, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр тууралуу пикирин айтты. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
"Студенттердин өкмөт жана кыргыз парламентинин иши, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча суроолоруна жооп берди. Депутат студенттер менен болгон баарлашуу жыйынтыгында күчтүү жана билимдүү жаштар өсүп келе жатканына кубанарын билдирди",- деп айтылат маалыматта.