Президент Алмазбек Атамбаевдин “учурда өлкөдө билим берүү тармагы коркунучта” деп берген баасы туура. Муну бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Депутаттар министрге президенттин аталган сөзү боюнча суроо беришкен эле.
“Президенттин айтканына кошулам, туура эле берилген баа. 20 жылдан берки билим берүү тармагындагы иштердин жыйынтыгы ушул абалга алып келди. Аны оңдоонун үстүндө иштеп жатабыз да. Мындан ары кескин чараларды көрбөсөк, билим берүү тармагы чын эле коркунучта”,- деп билдирди министр.