Баткен. Барымтадан бошотулган кыргыз жарандары ооруканага жаткырылды

Баткен облусундагы Сох анклавында жашаган өзбек жарандары тарабынан 6-январь күнү барымтага алынган 16 кыргыз жараны Баткен облустук биргелешкен ооруканасына алынып келинди. Аларды аталган оорукананын дарыгерлери текшерүүдөн өткөрүп, дарылоо үчүн бөлмөлөргө жаткырышты. Буга чейин аталган ооруканага Чарбак айылынын аймактык тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Чыңгыз Абдисаттаров өзбек жарандары тарабынан денесинен оор жаракат алып жеткирилген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан