Депутаттар Кыргызстандагы жогорку окуу жайларды жоюп салууну сунушташууда

Парламенттин 30-апрелдеги жыйынында депутаттар Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишимди талашып-тартышууда. Аталган окуу жайдын ректорунун Түркиянын жараны болушун сынга алышууда. Ал эми келишимди колдогон депутаттар ректордун түркиялык жаран болушу көйгөй эмес экенин айтышып, “Аталган окуу жайды убагында кыргыз жараны да башкарып көргөн. Ошондо окуу жай кандай абалга келгенин жакшы билебиз. Түркия жараны башкарса эмне болуптур? Ал университетте өзүбүздүн эле уул-кыздарыбыз окуп, сапаттуу билим алышууда” дешти. 

Жыйында айрым депутаттар окуу жайларды жоюп салууну сунушташууда. “Кыргызстандагы окуу жайлардын баарын жоюп эле салбайлыбы? Парламент жооп бербесе, өкмөт жооп бербесе, министр жооп бербесе, анда эмне кереги бар?”- деди депутат Мыктыбек Абдылдаев.

Төрага Асылбек Жээнбеков “окуу жайларды жоюп эмес, билим берүү тармагында реформа жасоо зарыл” деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан