Каныбек Осмоналиев депутат кесиптешин сыра заводу менен университетти салыштырбоого чакырды

Парламенттин 30-апрелдеги жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев кесиптеши Нарынбек Молдобаевди сыра заводу менен университетти салыштырбоого чакырды. Жыйында Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишим талкууланып жатканда депутаттар аталган окуу жайдын ректорунун Түркиянын жараны болушуна каршылык билдиришти. Аларга депутат Нарынбек Молдобаев каршы сүйлөп: “Түркиялык жаран ректор болсо эч нерсе болбойт. Биздин жарандар деле чет элде үйлөрдү куруп, керек болсо сыра заводдорун курушууда. Аларга эч ким эч нерсе деген жок го? Мыкты башкаруучу болсо, келип башкара берсин”,- деди.

Каныбек Осмоналиев депутат кесиптешине жооп кайтарды.

“Сыра заводу менен окуу жайды салыштырбашыбыз керек. Бул жерде азыр мен мокочо көрүнүп калдым. 40 жыл ушул тармакта иштеген мен эч нерсе билбейт экем да, 40 жыл сыра заводду иштеткен адам билим берүү тармагын мыкты билет экен”,- деп кызууланды Осмоналиев.

Молдобаев да жооп бермекчи болду эле, төрага микрофон берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан