Бүгүн, 30-апрелде 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөө меморандумуна кол коюлду.
Меморандумга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын төрагалары кол койду.
Программа 2014-жылдын 25-апрелинде Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында кабыл алынган. Ал эми программаны президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан.
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов: “Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу процесстерин активдештирүү керек. Ал эми меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”,- деди.