Бишкек шаарынын вице-мэри: "2013-жылы мэриянын эки кызматкерине Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгогон"

2013-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Бишкек мэриясынын эки кызматкерине кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын экономика боюнча бөлүмүнүн башчысы соода күркөнү коюуга мыйзамсыз уруксат бергендиги боюнча кылмыш иши ачылган.

Ал эми экинчиси Октябрь райондук администрациясынын экономикалык бөлүмүнүн башкы адисине козголгон.

Бул жерде эки кызматкер тең мыйзамсыз коюлган соода күркөсүн алышкан эмес”,- деп белгиледи Исмаилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан