Чиновниктерге кылмыш ишин козгоого башкы прокурорго гана укук бере турган мыйзам долбоору 3-окууда каралды
Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исмаил Исаков тарабынан демилгеленген “КРнын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору чиновниктерге кылмыш ишин козгоого башкы прокурорго гана укук берет. Тактап айтканда, жазык-процесстик мыйзамын Конституцияга шайкеш келтирүү максатында, киргизилип жаткан мыйзам долбоору менен кызматтык (коррупциялык) кылмыштар боюнча тергөөнүн караштуулугун прокуратурага аныктоо, жазык иштери боюнча тергөө аныкталган тергөөнүн караштуулугуна ылайык, бирок мамлекеттик кызматкерге карата прокуратура тарабынан жүргүзүлүүсүн белгилөө сунушталган.