Асылбек Жээнбеков мектеп окуучуларына: “Бизде да ушундай, депутаттарга “тынч отургула” дейбиз”

Парламенттин 30-апрелдеги жыйынына Бишкек шаарындагы мектептердин биринин окуучулары катышты. Алар келген учурда залда бири-бири менен сүйлөшүп, жыйын жүрүшүнө тоскоолдук кылып жаткан депутаттар көп болчу. Төрага Асылбек Жээнбеков кесиптештерин тынчтандырууга аракет кылды. “Урматтуу депутаттар, уялбай эле сыртка чыгып сүйлөшүп келгиле. Залда окуучулар отурат”,- деген төрага окуучулар менен саламдашып, “Урматтуу окуучулар, бизде деле ушундай. “Тынч отургула” деп турабыз” деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан