КРнын Чек ара кызматынын өкүлү: "Өзбекстан менен чек ара такталмайынча келишпестиктер чыга берет"

"Өзбекстан менен делимитация жана демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү керек. Антпесе, Сох анклавындагыдай келишпестиктер чыга берет" деген пикирин кечээ, 7-январда өткөн маалымат жыйынында журналисттерге Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысынын орун басары Искендер Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан чек араны коргоону күчөтүп жатат. Бул максатта Баткен районунда “Чарбак” чек ара чеби курулуп бүткөрүлүп, ток жана суу өткөрүлүп жаткан. Мындан улам Кыргызстан чек араны коргоону күчөтүп жаткандыгы өзбек жарандарына жагымсыз жагдайды жаратып, миңдеген кишилер келип, биздин өлкөнүн чек ара чебине кол салышкан. “Чек ара маселелерин чечүү боюнча эки өлкө бир пикирге келе албай жатат, бирок мындай окуялардын алдын алуу үчүн делимитация маселелерин тезинен чечүү керек” деп кошумчалады Искендербек Мамбеталиев. Эскерте кетсек, 6-январда өзбек-кыргыз чек арасында жаңжал чыккан. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан