Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуу топ кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 47 жаштагы Ш.Евгения аттуу тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар көчөдөн колундагы сумкасын жулуп кетишкенин айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жана 21 жаштагы Ош облусунун эки тургуну кармалды. Ошондой эле кармалгандар мындан башка дагы бир канча уурулук фактыларына шектелүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Salimboy
2014-04-30 16:06:42
Койо беретда кармаганда не?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан