Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Демилгенин авторлорунун бири – депутат Дамира Ниязалиева. Депутаттын билдиришинче, жарандардын тукум улоо маселеси боюнча мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы тармакта көйгөй көп экенин көрсөттү. “Жаңы мыйзам даярдалып, талдоодон өттү. Жарандардын тукум улоосун жакшыртууну ишке ашырууга, жаштарга жыныстык билим берүүнү жана тарбиялоону караштырат. Жыныстык жана тукум улоо чөйрөсүндө иштеген дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жагы да каралууда. Атайын программа иштелип чыгат. Мамлекет жаштарга жыныстык билим берүүнү колго алышы керек”,- деди Ниязалиева.