Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров жаштарга жыныстык билим берүү демилгесине каршы чыкты

Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Демилгенин авторлорунун бири – депутат Дамира Ниязалиева. Айтымында, өлкөдө жаштарды жыныстык жактан тарбиялоо зарыл. Буга вице-спикер Төрөбай Зулпукаров каршы чыгып, демилгечиге суроо менен кайрылды.

“Урматтуу депутат, сиз ажысыз. Азыр 21-кылымда жашап жатабыз. Кудай жыныстык карым-катнашты ар бир пенденин жүрөгүнө сезим менен киргизип койгон. Муну окутуунун зарылчылыгы жок. Музоо жаңы туулганда эле уйдун эмчегин издеп таап алат, ушундай эле нерсе. Балдарга бойго жете электе жыныстык билим берүү аларды ошол ишке тартуу болуп саналат. Кайсы бейөкмөт уюмдар менен иштештиңер?”- деди Зулпукаров.

Ниязалиева: “Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жумушчу топ, Калкты жайгаштыруу фонду, ЮНИСЕФ өңдүү уюмдар жардамдашты. Көбүнчө дарыгерлер салым кошту”,- деп жооп берди.

Мындан кийин Зулпукаров депутаттарды аталган мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан