Дамира Ниязалиева: “Сени капустанын арасынан таап алганбыз” деп балдарыбызды качанкыга чейин ишендиребиз? Жыныстык билим берүүнү баштоо туура”    

Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутаттар “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыгышууда. Депутаттардын сыны мыйзам долбоорундагы “карын энелик”, “балдарга жаш кезинен жыныстык жактан билим берүү” деген түшүнүктөрүнө айтылууда. Көпчүлүгү бул мыйзам мусулманчылыкка каршы келерин билдиришти. Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Дамира Ниязалиева буларды айтты:

“Азыр 5 жаштагы бала да интернетке кирүүнү жакшы билет. Аларды качанкыга чейин “сени капустанын арасынан таап алганбыз” деп ишендире алабыз? Эгер мыйзам долбоору кереги жок болсо, эмне үчүн мектеп жашындагы кыздардын боюна бүтүү фактылары көбөйүүдө? Балдарга атайын программа аркылуу тарбия беришибиз керек”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан