ЕККУнун учурдагы жетекчиси, Украинанын Тышкы иштер министри Леонид Кожара Кыргызстан менен Өзбекстанды чек арадагы келишпөөчүлүктү жөнгө салууда кызматташууга даяр экендигин билдирди. ЕККУнун жетекчилиги эки тарапты сабырдуулукка, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Чек ара маселеси боюнча кайрылуу болсо ЕККУ өз миссиясынын алкагында кызматташууга даяр экендигин да кошумчалады.