“Сый-урмат, балдарды ыйманга чакыруу сунушун колдойм, бирок балдарга жыныстык билим беришибиз керек”,- дейт депутат Дамира Ниязалиева парламент жыйынында. Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги отурумунда депутаттар “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Мыйзам долбоорундагы “карын энелик”, “балдарга жаш кезинен жыныстык жактан билим берүү” деген түшүнүктөргө сын айтылууда. Дамира Ниязалиева: “Уялып, балдарыбызга айтпай жүрүп, алар туура эмес иштерге учуроодо. Балдардын келечеги үчүн тарбия беришибиз керек”,- деп билдирди.
Айта кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, атайын программа иштелип чыгып, мектептерде окутула баштайт.