Бишкекте "бир күн ичинде үч кылмышка барган" деген шек менен эки жаран кармалды

Бишкекте "бир күн ичинде үч кылмышка барган" деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 3 тургуну кайрылган. Анда белгисиз бирөөлөр экөөсүнүн уюлдук телефонун, үчүнчүсүнүн DVD`син уурдап кеткендиги айтылган. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Жалынбек жана 21 жаштагы Куштарбек кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mairam1991
2014-04-30 14:20:32
Уурулук менен кун кечирбей эле,адал эмгек менен акча таап жашашпайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан