Бишкекте атайын акцияда текшерүүдөн өткөн эркектердин 8 пайызы тукумсуздук менен ооруй турганы аныкталды. Муну парламенттин 30-апрелдеги жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Айтымында, текшерүүдөн өткөн эркектердин 45 пайызы өнөкөт простатиттен жабыркай турганы белгилүү болду.
“Мониторингдин жыйынтыгы төрөткө келген аялдардын 50 пайызы патология менен жабыркай турганын көрсөттү. 20 жашта төрөгөн аялдардын саны жалпы төрөткө келгендердин 10 пайызын түзөт. Жылына 1200дөй аборт жасатууда, расмий эместери канча... Боюна мезгилсиз бүткөн 10 айымдын 7си аборт жасатышат”,- деди депутат.