Баткен. Лейлек районунда Кулунду өрөөнүнүн түптөлгөнүнүн 60 жылдык мааракеси өтүүдө

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда бүгүн, 30-апрелде Кулунду өрөөнүнүн түптөлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси башталды. Ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, КРнын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев катышууда. 

Аталган иш-чара эки күнгө созулуп, анын алкагында К.Ниязматов атындагы Тарых музейинде “Кулпурган Кулунду өрөөнүнө 60 жыл” деген темада илимий-практикалык конференция өтөт. Ошондой эле Кулунду өрөөнүнүн негизделгенинин 60 жылдыгына арналган эстеликтин ачылышы болмокчу.

Аягында концерттик программалар, уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук ат оюндары менен коштолот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Topcubai
2014-04-30 15:37:44
вау барыш керек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан