Парламентте бүгүн, 30-апрелде “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратууда. Мыйзам долбоорунда “жалданма энелик” ыкмасын колдонуу нормасы камтылган. Ага ылайык, жалданма энелик кылуу жазуу жүзүндөгү келишим түзүү, аны нотариат аркылуу тастыктоо аркылуу гана ишке ашат. Депутат Ирина Карамушкина ушундай жол менен балалуу болушкан 3 үй-бүлөнү билерин айтып, мунун жаман жагы жок экенин кошумчалады.
Буга вице-спикер Төрөбай Зулпукаров макул эмес. “Жалданма эне болгон адамдын боюна бүткөндөн кийин энелик сезими ойгонушу мүмкүн. Андайда баланын чыныгы ээси менен жалданма эненин ортосунда түшүнбөстүк чыгышы ыктымал”,- деди ал.