Бишкекте "унаалардын терезелерин сындырып, баалуу буюмдарды уурдап" жүргөн деп шектелип эки жаран кармалды

Борбор калаанын 2 тургуну "жол тандабас унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүрүшкөн" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.

Белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Зияш аттуу тургунуна таандык Тойота-Секвойя жол тандабас унаасынын айнегин талкалап, 20 миң сомго бааланган буюмдарын уурдап кетишкен. Ошондой эле Алтынай аттуу жарандын да Лексус RX-350 жол тандабас унаасынын айнегин сындырып белгисиз адамдар “Айфон-4” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Аталган кылмыштарга шектүү катары 25 жаштагы Адилет жана 21 жаштагы Айкөл аттуу жарандар кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан