Чүйдө "14 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктады" деген шек менен Нарын облусунун тургуну кармалды

Чүйдө "14 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктады" деген шек менен Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.

Маалыматтарга караганда, Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү айым кайрылып, шаардагы үйлөрдүн биринде белгисиз адам анын 14 жаштагы кызын күч колдонуп зордуктаганын маалымдаган. 

Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Нарын облусунун 18 жаштагы тургуну кылмышка шектүү катары колго түшүрүлдү. 

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү жогорудагы кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесине (зордуктоо) ылайык кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иштери уланууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aiwoola
2014-04-30 16:10:45
Байкуш аял затын аябай эле кордоп жибердинерго акыркы кундору......Кыргызстанга чынын айтсам баргым келбей калды......бирок сагындым мекенимди.
+5
Gulirka
2014-04-30 16:14:51
Кудайым озу сактап, ар бир пендеге ыйман берсин!
+1
Juliana
2014-04-30 16:18:24
A men bargandan korkup kaldym, chynyn aytsam. 2008-2009- jyldary baary jakshy bolchu, men sabaktan chygyp alyp, sportivnaya seksiyaga barchumun, andan chygyp kechinde kochodon samsy jep alyp kechki anglis tili kurstaryna barchumun, al saat 10 aran butchu. Uygo saat 11 de je andan kech jetet elem, karangy kocholordu basyp. Je meni tosup algan ech kim jok, je ozum aryk kichinekey kyzmyn, turtup koyso jygylgan. A azyr barsam anday juro albasam kerek, bargandan da korkup kaldym.
0
tairbek.
2014-04-30 16:31:35
бычып салыш керек
+3
samira.0907
2014-04-30 17:40:44
Акыркы кундору гезит,журналдардан жалан эле аялдардын кор болуп атканын окуп калдык.Эмне биздин кыргыз мырзаларыбыз зоокурго айланып баратабы....Кочого кундузу да чыгууга коркуп калдым...
+1
Jiide.8792
2014-04-30 17:58:13
Мода бу жон эле эптеп акча ондуруп алайын дегендер акчаны алгандан кийин догум жок деп арызын кайтарып алат ушундайлар кобойгон азыркы маалда
-2
tabyshmak
2014-04-30 21:55:32
Нарындык туугандары эки семиииз койдун акчасын укук коргоо кызматкерине алып келип берген куну кылмыштын курамы жоктугун аныктайт же ошол семиииз койду сотко берсе актап жиберет...
+1
SHATY
2014-05-01 12:01:38
Мурда бизге интернет, соц.сеть десе -ал эмне? дечибиз. А азыр интернетке кирим издого "бир" соз жазсан эле укмуштун баарын таап берет. Европанын тартылган кинолору,комп.оюндары...алар атайын биз тарапка жайылтат ушундайларды... Алар оз балдарынын убактысын колдон келишинче пайдалуу нерселер менен тар кылышат,анан балдары ошого кызыгышып алаксып баштары иштеп эрте калыптанышат. А биздики тилеке каршы андай эмес...
0
SHATY
2014-05-01 12:03:55
анан мына жыйынтык...возбуждение болуп эрки жука оспурумдордун кылган кесепети
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан