Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу мекендештер, Сиздерди 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
1-Май – өзүнүн күндөлүк эмгеги менен өлкөнүн жана өз үй-бүлөсүнүн гүлдөп-өсүшү, бакубаттыгы үчүн эмгектенгендердин майрамы. Ал биз үчүн эмгек адамына карата урматтоо күнү болгон жана болуп кала берет.
Биз өзүбүздүн бүгүнкү күндөгү эмгегибиз менен өлкөбүздүн келечегине, туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын бакубаттыгына, мекенибиздин өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошуудабыз.
Балдарыбыздын бактылуу жана бакубат келечеги биздин жоопкерчилигибизге, кесипкөйлүгүбүзгө жараша болот.
Мамлекеттин негизги милдети – өлкөбүздүн ар бир жаранынын таланты талап кылынгыдай мүмкүнчүлүк түзүп берүү менен кыргызстандыктарды татыктуу эмгек шарттары менен камсыз кылуу.
Жигердүү, максаттуу жана жаратман эмгек менен гана биз Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүн камсыз кылган башкы максатыбызга жете алабыз.
Өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүү жолунда биз эмгектеги жетишкендиктери менен чынында эле сыймыктанчу ардагерлерибиздин көп жылдык тажрыйбаларына жана жаңы коомду куруучу, жаңы кесиптерди өздөштүрүүчү, ааламдаштыруу жана жаңы өзгөрүүлөр дүйнөсүндө жашоочу жаштарыбызга чоң үмүт артабыз.
Көп улуттуу Кыргызстандын элинин биримдиги жана ынтымак-ырашкерлиги, өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн биздин жалпы жаратман эмгегибиз республикабыздын гүлдөп-өсүшүнө алып келет.
Урматтуу мекендештер! Бекем ден соолук, тынчтык, бакыт-таалай жана жаратман эмгегиңиздерге чоң ийгиликтерди каалайм!