Төрөбай Зулпукаров депутаттарга “мага этика боюнча акыл үйрөтпөгүлө” деди

Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-апрелде “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров депутаттарды мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. 

“Жасалма уруктандырууга дин каршы, ислам эле эмес, башка диндер да бул нерсеге каршы. Кесиптештерим мага “мамлекеттик кызматкердин этикасын сакта” деп акыл үйрөтүшүүдө. Мамлекеттик кызматкердин этикалык нормасын анча-мынчаларга караганда жакшы билем. Биринчи өзүн карап, анан бирөөгө сын таксын. Ооба, мамлекеттик кызматкербиз, бирок биз асманга учуп кетпейбиз. Жөнөкөй жарандардан кичине эле айырмабыз бар. Кудай алдында бирдейбиз. Мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырам”,- деди Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан