“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы. Маселе бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында каралууда.
“Парламент “Кумтөр” маселесин караганда эле “Центерра” ММКлар аркылуу “Кумтөрдү” токтотуп кетип калабыз, Кыргызстан өзү иштете албайт, көптөгөн адамдар ишсиз калат” деп шантаж кылып бизди коркутууда. Буга жол берилбеш керек. Мамлекет бир ишкананын кол алдында калбашы шарт. Эгер ишкананы токтотом десе, 12 жылга камалат”,- деди Өмүрбек Текебаев.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери "Кумтөрдүн" үзгүлтүксүз иштеши өлкө бюджети үчүн абдан маанилүү экенин, анын иштөөсү токтобошу керектигин белгиледи.