Кыргыз-кытай чек арасынан Ош облустук чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан эки кытайлык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын аймагында кытайлык эки жаран документтери жок жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жарандарды колго түшүргөндө алардын жанында өздүгүн тастыктаган документтер жок экени аныкталган.
Алар жүк ташуучу унаалардын айдоочулары экендиктерин, Кыргызстанга келген учурда алардын визалык убактысы бүтүп калгандыгын жана “Эркеч-Там унаа жолу” жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайда атайын документтерди күтүп жатышкандыктарын айтышкан.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кытайлык жарандар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.