Накен Касиев: “Мамлекеттик тил тууралуу реалдуу иш жасай турган убакыт келип жетти”

Мамлекеттик тил тууралуу реалдуу иш жасай турган убакыт келип жетти”,- дейт КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Накен Касиев. Муну бүгүн, 30-апрелде 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөө меморандумуна кол коюп жатып билдирди. 

Акыркы 20 жылда мамлекеттик тил, анын өсүп-өнүгүшү боюнча мамлекет тарабынан бир канча ирет мыйзамдар кабыл алынды. Бирок КМШ өлкөлөрүнүн ичинен тилдин өнүгүшү боюнча бир топ артта калдык. Ошон үчүн мамлекеттик тил боюнча Улуттук программаны сөзсүз түрдө алдыга жылдырышыбыз керек”,- деди Накен Касиев.   

Мамлекеттик тил менен кошо орус тили жана башка этностук тилдер да коргоо мүмкүнчүлүгүн табат”, - деп кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан