Парламентте депутаттар “Кумтөрдүн” иши техникалык себептер менен токтоп калса, ишкананын жетекчилери жоопко тартылбашын айтышууда. Муну ЖКнын 30-апрелдеги жыйынында депутат Дамира Ниязалиева билдирди. Сунушту “Кумтөр” боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси Өмүрбек Текебаев эске аларын айтты. Айта кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери “Кумтөр” боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы.