Кыргызстанда чиновниктерге кылмыш ишин козгоого башкы прокурорго гана укук бере турган мыйзам кабыл алынды. Мыйзамды депутат Исмаил Исаков демилгелеп чыккан жана талкууда экс-депутаттар Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго, Талант Мамытовго кылмыш ишин башкы прокурордун орун басары козгошу туура эмес болгонун айткан эле. Мыйзамга бүгүн, 30-апрелде парламентте 96 депутат “макул” деп добуш берди. Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.