Парламентте бүгүн, 30-апрелде сапатсыз дары-дармек саткандарга, лицензиясыз иштегендерге айыпты 10 миң сомго чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды. Депутат Дамира Ниязалиева демилгелеген мыйзамга 91 депутат “макул”, 4 депутат “каршы” деп добуш берди. Талкууда Ниязалиева “Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте (азыркы) сапатсыз дары саткандар административдик айып салынып, күнөөлүү адамдар 500 сом гана төлөйт. Бирок алар кайра эле иштерин улантышууда. Анткени айыптын өлчөмү өтө аз. Биз айып пулду жарандар үчүн 2-5 миң сом, мындай иш менен алектенген кызмат адамдарына 3-10 миң сом кылганы жатабыз. Лицензиясы жок иштеп жаткан адамдарга да айып пул ушундай өлчөмдө болот”,- деп билдирген эле.