Жогорку Кеңеш Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишимди ратификациялады  

Жогорку Кеңеш Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мындан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялады. Талкууда билим берүү жана илим министри Канат Садыков бул жаңы келишим эместигин, аталган окуу жайдын мындан аркы ишин жакшыртууга багытталган келишим экенин белгиледи. Бир топ депутаттар окуу жайдын ректорунун Түркия жараны болушун сынга алышып, “Кыргыздарда ректор болууга татыктуу жаран жокпу?” дешти. Башка депутаттар бул окуу жайда коррупция жоктугун, билим берүүнүн сапаты жогору экенин белгилешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан