Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен узакка созулган сүйлөшүүнүн учурунда эки тараптуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу 30-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүү жана чыңдоонун өзгөрүүсүз багытын белгилешип, мамлекеттер ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин аныкташты.
Жолугушууда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү да белгиленди. 2013-жылы Кыргызстан менен Орусиянын товар жүгүртүүсү 1053,0 миллион доллар болуп, 26,8 пайыз өсүштү көрсөткөн. Орусиядан келген импорт 919,1 миллион доллар, (36,7 пайыздык өсүш), экспорт 133,9 миллион долларга барабар болгон.
Тараптар аймактык интеграцияны талкууга алып, Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кириши, аны тездетүү керектиги айтылды. Жол картасы боюнча мамлекеттердин позициясы бирдей жана техникалык мүнөздөгү маселелерди чечүү гана калды. Тараптар кыргыз өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн 2014-2017-жылдардагы экономикалык кызматташтык программасын талкуулап, жактырышты.
Жолугушууда энергетика тармагы жөнүндө да сөз болду. Анда Камбар-Ата-ГЭС-1, Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын куруу жана пайдаланууга берүү долбоорлору тууралуу маселелер козголду. Ошондой эле мамлекеттин ички маселелери, "Газпром” ААКы, “НК” ААКы жана "Роснефть” ААКы кызматташтыктары айтылды.
Мындан сырткары Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу сүйлөшүштү. Уруксат кагаздарын алууда жеңилдиктерди берүү жана миграция тартибин бузган майда кемчиликтерге катуу басым жасабоо жагы айтылды.